2026-жылдын 17-мартында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Маалыматтык коопсуздук» дисциплинасынын алкагында «Кыргызстан жана Борбордук Азиядагы электрондук өкмөт: талдоо, көрсөткүчтөр жана глобалдык тенденциялар» темасында лекция өттү.
Лекцияны эл аралык арбитр, Business Soft & ICLOUD IT-компанияларынын башкы директору Кайбылдаева Бегаим Мухитовна окуду. Ал ошондой эле Лондондогу эл аралык арбитраждык соттун арбитри болуп саналат. Мындан тышкары, Америкалык юристтер ассоциациясынын, Эл аралык юристтер ассоциациясынын, Кыргызстан юристтер ассоциациясынын жана ArbitralWomen уюмунун мүчөсү.
Бегаим Мухитовна ошондой эле Борбордук Азиянын Жасалма интеллект ассоциациясынын (AICA) жана IT Park Uzbekistan резиденти болуп эсептелет.
Лекциянын жүрүшүндө спикер Кыргызстан жана Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү электрондук өкмөттүн өнүгүүсү, мамлекеттик санариптик кызматтардын жайылуусу, негизги көрсөткүчтөр жана мамлекеттик башкарууну трансформациялоодогу жасалма интеллекттин ролу тууралуу кеңири маалымат берди.
Иш-чара студенттердин активдүү катышуусу менен өттү. Алар тарабынан көптөгөн суроолор берилип, талкуу жандуу жана кызыктуу форматта уланды. Студенттер санариптик трансформация темасына чоң кызыгуу көрсөтүп, өздөрү үчүн пайдалуу жана актуалдуу маалыматтарды алышты.

