2025-жылдын 20-21-августунда И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун делегациясы Ош мамлекеттик университетине (ОшМУ) иш сапары менен барды.
  Иш сапардын алкагында ОшМУнун жетекчилиги менен расмий жолугушуулар болуп, анда билим берүүнү санариптештирүү жаатында кызматташуунун келечеги талкууланды. Төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурулду:

 - ОшМУнун санариптик билим берүү ресурстарын жана сервистерин киргизүү боюнча ийгиликтүү тажрыйбасын изилдөө;

 - Дистанттык билим берүү технологияларын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун натыйжалуу ыкмаларын талдоо;

 - Билим берүү чөйрөсүн санариптик трансформациялоо жаатында өнөктөштүктү өнүктүрүү.

  Иш сапардын жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин билдиришти. Санариптик чечимдерди киргизүүгө жана илгерилетүүгө багытталган биргелешкен иш-чаралардын алдын ала планы аныкталды.