Иш-чаралар
cover image
17-сентябрда Франциянын Жарандык авиация башкармалыгынын эл аралык кызматташтык боюнча директору мырза Жак Вейан жана Тулузадагы Улуттук жарандык авиация мектебинин өкүлү мырза Мишель Шовен И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтуна барышып, институттун жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер менен жолугушту.

Жолугушуунун деталдары

Франциядан келген коноктор жалгыз авиациялык окуу жайдын өнүгүүсү туура багытта экенин белгилешти. Сүйлөшүүлөрдүн бардык аспектилери боюнча жакындатылган ойлор табылып, окуу жайга колдоо көрсөтүү маселелери каралып, делегациянын башчысы убада кылгандай, чечүү жолдорун издөөгө аракет кыла турганын билдирди.

Меморандум
Окуу жайлар ортосунда Меморандумдун долбоору даярдалган, ал Улуттук авиация мектебинин жетекчилиги тарабынан каралат.