Миссия
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институтунун миссиясыОкутуу берүү процессин алдыӊкы билим берүүнүн принциптеринин негизинде уюштуруу жана анын негизги максаты болгон коомдун заманбап талаптарына жооп берген, үзгүлтүксүз окууга, квалификациясын жогорулатууга жөндөмдүү бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу

Негизги максаттар жана милдеттер:

  • 1Инновациялык билим берүү технологияларын, санариптик платформаларды жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен алдыңкы билим берүүнүн принциптерин ишке ашыруу.
  • 2Бүтүрүүчүлөрдү заманбап эмгек рыногунун талаптарына, эл аралык жана улуттук жарандык авиация стандарттарына, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына ылайык кесиптик компетенцияларга ээ кылуу.
  • 3Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик чеберчилигин туруктуу жогорулатууга, профессионалдык өсүүгө жана тармактагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга мүмкүндүк берген үзгүлтүксүз билим берүү системасын өнүктүрүү.
  • 4Студенттерге кесиптик жана жеке өзүн-өзү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өз алдынча окуу жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
  • 5Билим менен практика арасындагы байланыштарды бекемдөө жана жумуш берүүчүлөр, тармактык уюмдар жана илимий изилдөө мекемелери менен активдүү кызматташууну камсыз кылуу.
  • 6Окуу пландары, программалар, кадрдык потенциал жана окуу-методикалык камсыздоо аркылуу билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу.