
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациалык институтунун миссиясы-
"Окутуу берүү процессин алдыӊкы билим берүүнүн принциптеринин негизинде уюштуруу жана анын негизги максаты болгон коомдун заманбап талаптарына жооп берген, үзгүлтүксүз окууга, квалификациясын жогорулатууга жөндөмдүү бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүн калыптандыруу болуп саналат."
Негизги максаттар жана милдеттер:
• Инновациялык билим берүү технологияларын, санариптик платформаларды жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонуу менен алдыңкы билим берүүнүн принциптерин ишке ашыруу.
• Бүтүрүүчүлөрдү заманбап эмгек рыногунун талаптарына, эл аралык жана улуттук жарандык авиация стандарттарына, ошондой эле өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктарына ылайык кесиптик компетенцияларга ээ кылуу.
• Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик чеберчилигин туруктуу жогорулатууга, профессионалдык өсүүгө жана тармактагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашууга мүмкүндүк берген үзгүлтүксүз билим берүү системасын өнүктүрүү.
• Студенттерге кесиптик жана жеке өзүн-өзү ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон өз алдынча окуу жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
• Билим менен практика арасындагы байланыштарды бекемдөө жана жумуш берүүчүлөр, тармактык уюмдар жана илимий изилдөө мекемелери менен активдүү кызматташууну камсыз кылуу.
• Окуу пландары, программалар, кадрдык потенциал жана окуу-методикалык камсыздоо аркылуу билим берүү процессинин сапатын жогорулатуу.