И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгынын негизинде тандоо турларын өткөрүү жана абитуриенттерди кабыл алуу башталганын жарыялайт.
Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына 2026–2027-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги жарыяланды.
📌 Биринчи тур
📅 13–18-июль
✔️ Конкурска катышуу үчүн каттоо: 13–15-июль
⏰ Каттоо 15-июль күнү саат 14:00дө аяктайт.
📋 Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 16-июль күнү саат 10:00гө чейин жарыяланат.
📥 Кабыл алууга макулдугун ырастоо: 16–18-июль, саат 16:00гө чейин.
✈️ И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту абитуриенттерди авиациялык коомчулуктун бир бөлүгү болуп, келечектүү жана эмгек рыногунда талап кылынган кесипке ээ болууга чакырат.