Билим берүү кызматтарынын ачык-айкындуулугун жана сапатын жогорулатуу максатында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда санариптик платформа — «Пикир» маалыматтык системасынын QR-коду ишке киргизилди.

«Пикир» маалыматтык системасы – бул студенттер, кызматкерлер жана коноктор институттун ишмердүүлүгү тууралуу өз пикирлерин, сунуштарын калтыра ала турган жана баа бере ала турган бирдиктүү онлайн-платформа болуп саналат.

Демилгенин алкагында институтта ыңгайлуу байланыш үчүн QR-коддор орнотулду. Алар көзөмөл-өткөрүү пунктунун кире беришинде, имараттын ичинде жана окуу корпустарында жайгаштырылган. QR-кодду сканерлөө менен колдонуучулар өз оюн, сунуштарын тез жана оңой бөлүшө алышат же көйгөйлүү жагдайларды көрсөтө алышат.

«Пикир» маалыматтык системасын киргизүүнүн негизги максаты — натыйжалуу кайра байланыш түзүү жана кайрылууларга ыкчам жооп кайтаруу. Бул сунуштарды өз убагында эске алууга жана институттагы билим берүү шарттарын, башкарууну үзгүлтүксүз жакшыртууга өбөлгө түзөт.