И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн 1–2-курс студенттери Москва облусундагы «Московия» кесиптик колледжи тарабынан уюштурулган англис тили боюнча эл аралык олимпиадага катышууга чакырылат.

Олимпиада 2026-жылдын 22-октябрында, Москва убактысы боюнча саат 10:00дө аралыктан өткөрүлөт. Узактыгы — 90 мүнөт. Катышуучуларды каттоо 21-октябрга чейин уланат.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундардын ээлери I, II жана III даражадагы дипломдор менен сыйланышат, ал эми катышуучуларга сертификаттар тапшырылат.

КАИнин студенттерин олимпиадага катышып, англис тили боюнча билимдерин көрсөтүүгө чакырабыз!