И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Кыргыз Республикасынын «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталынын «Кызматтар» бөлүмүндө, «Билим берүү» категориясында институт тарабынан көрсөтүлүүчү төмөнкү мамлекеттик кызматтарды алууга жеткиликтүү экендигин маалымдайт:

  • Авиациялык персоналды алгачкы даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча кошумча кесиптик билим берүү (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 1-бөлүмү, 109-пункту).
  • Авиациялык персоналды даярдоо үчүн зарыл болгон мамлекеттик жана расмий тилдерди, ошондой эле компьютердик сабаттуулуктун негиздерин үйрөтүү боюнча курстарды өткөрүү. (Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестринин 1-бөлүмү, 110-пункту).

Көрсөтүлгөн кызматтарды алуу үчүн сиз Кыргыз Республикасынын «Түндүк» электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталына кирип, тиешелүү бөлүмдү пайдалана аласыз.