Жаштардын автордук долбоорлорунун сынагы Авиация институтунун улуу курс студенттери арасында
Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясын өнүктүрүү максатында, Фрунзе-1 аэропортуна байланыштуу төмөнкү темалар боюнча Авиация институтунун улуу курс студенттери арасында жаштардын автордук долбоорлорунун сынагын жарыялайт:
- 
«Кыргызстандын жарандык авиациясын өнүктүрүү стратегиясы»;
 - 
«Мен кандайча Кыргызстандын жарандык авиациясынын келечегин көрөм»;
 - 
«Учуу коопсуздугу»;
 - 
«Авиациялык коопсуздук»;
 - 
«Кыргыз Республикасындагы чакан авиациянын өнүгүшү»;
 - 
«Чет өлкөлөрдөгү аба кемелеринин техникалык эксплуатациясы»;
 
Сынакка катышуу үчүн катышуучулар бир нече долбоорду же бир долбоорду сунушташы мүмкүн.
Сынакта ар кандай форматтагы материалдар (тексттик же графикалык иштер – сүрөттөр ж.б.) сунушталат, долбоорду презентация түрүндө даярдоо керек (презентация долбоордун мазмунун чагылдыруусу керек, эң көтөрүңкү 15 слайд).
Катышуу үчүн арыздар 2023-жылдын 10-апрелине чейин кабыл алынат.
Долбоорлорду коргоо 2023-жылдын 25-28-апрель күндөрү болот.
Эң көп балл алган иштердин авторлору, баалоо жыйынтыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы мамлекеттик агенттигине, Кыргыз авиациялык институтуна жана авиакомпанияларга ишке орношууга сунушталат.