Кыргыз Республикасынын орто кесиптик билим берүү уюмдарына (колледждерге) жалпы орто билимдин (11-класс) базасында 2026–2027-окуу жылына абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу турларынын графиги жарыяланды.
📌 Биринчи тур
📅 13–18-июль
✔️ Конкурска катышуу үчүн каттоо: 13–15-июль
⏰ Каттоо 15-июль күнү саат 14:00дө аяктайт.
📋 Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 16-июль күнү саат 10:00гө чейин жарыяланат.
📥 Кабыл алууну ырастоо: 16–18-июль, саат 16:00гө чейин.
Урматтуу 11-класстын бүтүрүүчүлөрү!
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна тапшырып, жарандык авиация тармагындагы талапка ээ адистикке ээ болуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыздар.
📲 Кабыл алуу комиссиясынын жарыяларын байма-бай көзөмөлдөп, окууга болгон каалооңуздарды өз убагында ырастап туруңуздар.
✈️ И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту — авиация тармагындагы келечектин кесиптерине карай ишенимдүү жол!