📌 Абитуриенттер үчүн маалымат
Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен графикке ылайык, 2025–2026-окуу жылына ЖРТнын жыйынтыктары боюнча жогорку окуу жайларга кабыл алуу этаптары төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
⸻
🔷 Биринчи тур: 2025-жылдын 14–19-июлу
• 14–16-июль — абитуриенттерди конкурска каттоо
• 16-июль саат 14:00гө чейин — каттоонун аякташы
• 17-июль саат 10:00гө чейин — кабыл алынууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси жарыяланат
• 17-июль саат 16:00гө чейин — абитуриенттер кабыл алууга макулдугун тастыктайт
⸻
🔷 Экинчи тур: 2025-жылдын 21–26-июлу
• 21–23-июль — каттоо
• 23-июль саат 14:00гө чейин — каттоонун аякташы
• 24-июль саат 10:00гө чейин — сунушталган талапкерлердин тизмеси жарыяланат
• 24–26-июль саат 16:00гө чейин — макулдук берүү
⸻
✅ Бардык абитуриенттерден белгиленген мөөнөттөрдү так сактоону жана расмий жарыяларды кунт коюп көзөмөлдөөнү өтүнөбүз