Жаңылыктар
cover image
Коррупцияга каршы эл аралык күнгө, 9‑декабрга карата, И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институтунун студенттеринин арасында "Коррупция. Сенин 'ЖОК!' маанилүү!" деп аталган стенгазеталар конкурсу өтөт.

Документтер

Конкурстун жобосу
↓

Конкурс тууралуу

Максат — жаштардын коррупцияны социалдык көрүнүш катары кабылбоого багытталган антикоррупциялык аң‑сезимин калыптандыруу, жарандык позицияны жана жоопкерчиликти тарбиялоо.

Иштердин темалары

  • 1"Коррупцияга жана пара алууга — ЖОК!"
  • 2"Менин коррупциясыз дүйнөм!"
  • 3"Коррупциясыз жашоого укугубуз бар!"
  • 4"Коррупциядан таза өлкө"

Конкурска күндүзгү окуу формасынын бардык курсунун студенттери катыша алышат.

Иштерди кабыл алуу
Иштерди кабыл алуу — 2021-жылдын 9‑декабрына чейин.

Бир катышуучудан келтириле турган иштердин саны — чектелбейт.

Байланыш:

Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнү — 9‑декабрь - https://www.un.org/ru/observances/anti-corruption-day