Иш-чара жөнүндө
2017-жылдын 4-сентябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министри Калилов Жамшитбек Калилович жана Авиация агенттигинин директору Акышев К.Т. Билим күнүнө жана И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиация колледжинде жаңы окуу жылын ачууга арналган салтанаттуу митингге катышышты.
Министрдин билдирүүсү
Министр белгилегендей, авиация колледжинин өнүгүүсү жана калыптануусу арбын тарыхка ээ, жана бул окуу жайды андан ары өнүктүрөбүз. Колледж чоң өзгөрүүлөрдүн алдында турат жана жакын арада анын негизинде жогорку окуу жай түзүлөт, материалдык базаны өркүндөтүү үчүн каражаттар тартылат. Бул багытта иштер активдүү жүрүүдө. өлкөдөгү жалгыз авиациялык окуу жайды сактоо — транспорт министрлигинин приоритеттүү маселелеринин бири жана так көз карашы болуп эсептелет.
МТД КР басма сөз кызматы.