Шрифттин өлчөмү

Сайттын түсү

Сүрөт

Кепти синтездөө

Орнотуулар

Китепкана жөнүндө жобо

Электрондук китепкана жөнүндө жобо

Китепкана И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат, окуу процессинин катышуучуларынын китепканалык-маалымат ресурстарын акысыз пайдалануу укугун камсыз кылуу максатында окуу процессине катышат.

Китепканалык-маалыматтык кызматтар авиациялык институттун окуу жана даярдоо пландарына, программаларына жана китепкананын иш планына ылайык көрсөтүлөт.

Максат:

- инсандын кесиптик ишмердүүлүктүн, интеллектуалдык, маданий жана адеп-ахлактык өнүгүүнүн тандалган тармагында билимге жана квалификацияга муктаждыктарын канааттандыруу.

Милдеттери:

- билим берүү процессинин катышуучуларына - студенттерге, мугалимдерге, билим берүү мекемесинин кызматкерлерине - китепкана жана маалыматтык ресурстарды пайдалануу аркылуу маалыматка, билимге, идеяларга, маданий баалуулуктарга жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу;

- китепкананы өз алдынча колдонуу көндүмдөрүн өнүктүрүү, маалыматты издөөгө, тандоого, сын көз менен баалоого үйрөтүү;

- жаңы маалыматтык технологияларды киргизүүнүн жана китепканалык-маалымат процесстерин компьютерлештирүүнүн, ыңгайлуу китепкана чөйрөсүн түзүүнүн негизинде китепкана тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтарды жакшыртуу;

- башка системалардын жана бөлүмдөрдүн китепканалары менен өз ара аракеттенүү.

Функциялары:

- китепканалык-маалыматтык ресурстар фондун түзүү;

- маалымат продуктуларын түзүү;

- окурмандарды китепканалык-маалыматтык кызматтар менен акысыз камсыз кылуу;

- билим берүү программаларына жана пландарына ылайык фондду чогултуу пландарын оңдоо максатында окурмандардын кызыкчылыктарын аныктоо жана изилдөө;

- профессордук-окутуучулук курамга дифференцияланган китепканалык-маалыматтык кызмат көрсөтүүнү ишке ашыруу.

Китепкана:

- жазылуу,

- окуу залы.

Кызматташтык:

Самара университетинин окуу ресурстарынын шилтемеси: https://repo.ssau.ru/

Ульянов жарандык авиация институтунун окуу ресурстарынын шилтемеси: http://lib.uvauga.ru/ <- Бул жерде Логинди жана паролду терүү керек.

Андан кийин, издөө тилкесине дисциплинаны, автордун фамилиясын же китептин аталышын киргизиңиз.

Тема боюнча басылмалар:

►Институтта "Манас"эпосунун күнүнө карата илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

Жардам берүүчү шилтемелер:

- Кыргызстандын улуттук электрондук китепканасы
- Кыргызстандын жаңы адабияты
- Китептер жана мультимедиялык материалдар
- Ачык кирүү журналдарынын каталогу DOAJ

Суеркулова Айгуль Бейшеновна

Китепкананын башчысы

aygul.aygul.7575@mail.ru