Кыргыз авиациялык институтун студенттерине «Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери» темасында окуу жыйын өткөрүлдү

cover image

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун «Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын март айында балдарга карата жасалган жана балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө» көрсөтмөсүн аткаруу максатында, Кыргыз транспорттук прокуратурасынын демилгеси менен И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жашы жете элек студенттер, аталган окуу жайдын директору, алардын тарбия иштери боюнча орун басары жана Бишкек шаардык Ленин РИИБдин КККнын балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору менен биргеликте «Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери " темасында окуу жыйын өткөрүлдү. Анда, Кыргыз транспорттук прокурорунун орун басары Б.Мырзахматов, Кыргыз транспорттук прокурорунун улук жардамчысы И.Садыков жана Кыргыз транспорттук прокурорунун жардамчысы Н.Усеновдор жашы жете элек студенттерге прокуратура органдарынын системасы, укуктук негиздери тууралуу айтып, «Жашы жете элек балдар арасындагы кылмыштуулукту болтурбоо жана алдын алуу маселелери" темасында видео роликтер жана презентациялар көрсөтүлүп, студенттерди кызыктырган суроолоруна жооп беришти. Ошондой эле, профилактикалык иш-чаралар, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктарды алдын алуу боюнча, жаш өспүрүмдөр арасында укук бузуулар, алардын укуктарын жана коопсуздугун коргоо боюнча профилактикалык иштерди күчөтүү жана балдар арасында массалык уруштар, рэкетчилик, суицид маселелери катуу көзөмөлгө алынары жана мындан ары жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу жана аларды болтурбоого багытталган баардык иш-чаралар, байма-бай өткөрүлүп турары белгиленди. Мындан сырткары, Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдеш, И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жашы жете элек студенттер арасында уюштурулуп, жеңүүчүлөргө жана мыкты оюн көрсөткөндөргө Кыргыз транспорттук прокуратурасы тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

ccf36f0ba3e0728c96554cab56118f95.jpeg

c9191b479222e1c4c0140c814c84728f.jpeg

fce082118b8339fc79e150d0a5bb1fef.jpeg

f14be942f676d71c7fbe2875b8bc549a.jpeg

7c730091e91ed370dbe9b48a9f3e27f9.jpg