И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Коммерциялык авиациянын алкачкы учкучтары даярдалды
Коммерциялык авиациянын алкачкы учкучтары даярдалды
  • 08 Феб 2022
  • 3556
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институту жана «Бишкек Вингс» авиациялык окуу-машыгуу борбору коммерциялык авиациянын учкуч лицензиясын алган алгачкы бүтүрүүчүлөрдү даярдашты.

 

Теориялык жана практикалык программаны ийгиликтүү өздөштүргөн бүтүрүүчүлөр Л.В.Черстов жана Е.И.Фадеев Кыргыз Республикасынын коммерциялык авиациясынын учкучтарынын күбөлүктөрүн алышты.

 

Маалымат үчүн:

«Бишкек Вингс» авиациялык окуу-машыгуу борбору Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жарандык авиация департаменти тарабынан сертификатын алып ишмердүүлүк жүргүзүп жаткан окуу уюму. АОМБ өтө жеңил жана жеңил учактардын жеке учкучтар. коммерциялык учкучтарын окутуунун толук циклин камсыз кылат. АОМБ квалификациялуу иш тобу жана ишмердүүлүктүн регламенти боюнча бекитилген документтерге ээ, талаптарга ылайык жабдылган жана учуу практикасы үчүн батыш үлгүсүндөгү жеңил жана өтө жеңил учактар менен камсыздалган.

 

Кыргыз авиациялык институту, Жарандык авиация департаментинин чечиминин негизинде, студенттерин учууга даярдоо такшалмаларды өткөрүү боюнча ыйгарым укуктарды АОМБга берген. 2022-жылдын августунан тарта институттун «учкуч» адистиги боюнча билим алып жаткан студенттери АОМБда практика учурунда бир жана эки кыймылдаткычтуу учактарды өздөштүрүп жатышат. Практика учурундагы чыгымдарды студенттер төлөшөт, бул жерде белгилей турчу өзгөчөлүк, окуу төлөмүнүн өлчөмү КМШ, Европа өлкөлөрүнүн жана Түркиянын ушул сыяктуу окуу жайларына караганда алда канча жеткиликтүү.