И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Авиаинституттан Аяз Ата Сокулук реабилитация борборуна белектерди жеткирди
Авиаинституттан Аяз Ата Сокулук реабилитация борборуна белектерди жеткирди
  • 27 Дек 2021
  • 4883
  • 0

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана кызматкерлери Сокулук реабилитация борборундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга, ошондой эле балдарга, майрам уюштурушту.

 

Авиаинституттун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттери Жаңы Жылдык оюн-концерт даярдап, Аяз Ата ырларды мыкты окугандарга сыйлык тапшырып, бардык балдарга таттуу белектерди тапшырды.

 

Сокулук реабилитация борборундагы 6-21 жаштагы 80 ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамга авиаинституттун студенттери жана кызматкерлери тамак аш, кеңсе буюмдар, самын-тазалоочу каражаттар, оюнчуктар, кийим, көркөм адабият китептер, жалпы 40 миңден сомдон ашык суммага жардам чогултушту.

 

ЖОЖдун кесиптик биримдигинин төрагасынын орун басары Э. К. Жумалиеванын айтымында ушул жылдын январь айында институттун жамааты Жарандык авиация департаментинин кызматкерлери менен бирге Сокулук реабилитация борборуна жардам көрсөтүү үчүн 11 миң сомдон ашык суммага буюмдарды алып беришкен. Көп жылдар бою институт социалдык мекемелерге кайрымдуулук жардам берүүдө.