И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Студенттерге конкурстардагы жеңиштер жана жигердүү иштери үчүн сыйлыктар тапшырылды
Студенттерге конкурстардагы жеңиштер жана жигердүү иштери үчүн сыйлыктар тапшырылды
  • 24 Дек 2021
  • 4578
  • 0

Жаңы Жылга утурлай институт студенттерге конкурстардагы жеңиштери, илимий жана коомдук иштерге жигердүү катышуусу үчүн диплом, алкыш каттар жана акчалай сыйлыктарды тапшырды

 

2021-жылдын 23-декабрында Кыргыз авиациялык институтунда студенттерди сыйлоо аземи өткөрүлдү.

 

Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата студенттик дубал гезиттеринин конкурсу уюштурулган. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин атынан коррупцияны алдын алуу боюнча ыйгарымдуу кызматкери Ибрагимов А. М. конкурстун жеңүүчүлөрүнө дипломдорду тапшырды.

 

Кыргыз авиациялык институтунун "Ак шумкар" тобу окутуучусу Аскарова Н. А. жетекчилиги менен Манас таануу боюнча акыл таймашында республикадан катышкан 40 топтун ичинде III орунду ээледи. "Ак шумкар" тобу таймашта сйлыкка алган эки сыналгыны институтка белек кылууну чечти.

 

Училище башчысынын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары А. И. Бондаренконун 80-жылдыгына арналган эл аралык конференция студенттердин жигердүү катышуусу менен өткөрүлгөн.

 

Аземдин соңунда КАИнин ардагери, музей башчысы Бошумова Т. И. институт Жаңы жылга карата кайрымдуулук жардамы үчүн Сокулуктагы Ден соолугун мүмкүнчүлуктөрү чектелген адамдарды реабилитация борборунун атынан Алкыш кат менен сыйланды деп кабарлады.