И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта Анатолий Ильич Бондаренкого арналган конференция өткөрүлдү
Институтта Анатолий Ильич Бондаренкого арналган конференция өткөрүлдү
  • 02 Дек 2021
  • 4150
  • 0

2021-жылдын 1-декабрында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, училищенин, колледждин башчысынын окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Анатолий Ильич Бондаренконун 80-жылдыгына арналган "Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык-техникалык училищесинин түптөлүшү жана өнүгүүсү" темасында конференция өткөрүлдү.

 

Конференцияда Кыргыз авиациялык институтутун ардагерлери Абдыраманов А.К., Бошумова Т. И., Глебов Г. А., Даиров Р. Д., Ионова Г. В., Калмурзаев К., Камбаров Э. Н. жана Ольховская Л. Н. катышышты. Иш-чарага онлайн форматта Москвадан кыздары Оксана Анатольевна менен Любовь Анатольевна, Кемереводон КАИ ардагери  Протопопова Т. Ю. жана окуу жайдын мугалимдери жана студенттери кошулду.

 

Конференциянын катышуучуларына институттун директору Курманов У. Э. ачылыш сөзүн жолдоду. Окуу жайдын тарыхы тууралуу студенттер Абдымомунов А., Бурыгин Е., Исраилова А., Скидоненко М. баяндамаларын жана меймандарга Азамат к. А менен Хамраев О. музыкалык чыгырмаларды тартуулашты.

 

Анатолий Ильич айткан сөзүн дайыма орундаткан инсан, мугалимдерге колдоо, студенттерге ызаат көрсөткөн адам, балдарына мээримдүү ата, сабак бөлмөсүн өзгөчө чыгармачылык менен көрктөндүргөн кесипкөй киши катары ардагерлер Даиров Р. Д., Камбаров Э. Н. менен Протопопова Т. Ю. эскеришти.

 

Бондаренко Анатолий Ильич 1941-жылдын 25-ноябрында Иркутск областында Черемхово районунун Касьяновка айылында туулган.

 

1963-жылы CССРдин Жарандык аба флотунун Иркутск авиаучилищесин артыкчылык менен бүтүргөн.

 

Анатолий Ильич 1975-жылдан 2001-жылга чейин Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык-техникалык училищенин, Кыргыз авиациялык колледжинин башчысынын орун басары, кийин атайын дисциплиналардын окутуучусу болуп иштеген. Училищенин жана колледждин окутуу-материалдык базасын түзүүгө олуттуу салым кошкон, биринчи болуп окуу жараянына статикалык жана динамикалык слайддарды колдонууну киргизген, ЯК-40 учак боюнча электрлештирилген стенд жана агрегаттары менен атайын дарскана жасаган, окутуучулар менен чоң методикалык иш жүргүзгөн.