И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Студенттер үчүн институттун Самара университети менен кызматташтагы илимий иш жана практикага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
Студенттер үчүн институттун Самара университети менен кызматташтагы илимий иш жана практикага жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат
  • 05 Окт 2021
  • 5301
  • 0

Кыргызстан-Россия ЖОЖ консорциумунун ишинин жана жетишилген жыйынтыктардын алкагындагы 2021-жылдын 4-октябрында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтутуна академик С. П. Королёв ат. Самара Улуттук изилдөө университетинин  мобилдүүлүк жана рекрутинг бөлүмүнүн башчысы Евгений Сергеевич Чурсин иш сапары менен келди.

 

Мейманыбыз Ишембай Абдраимовдун музейин, студенттердин сабактарын жана институттун лабораторияларын көрүп, профессор-окутуучулар жамааты менен жолукту.  Чурсин Е.С. 320 программа боюнча 17 миңден ашык студент билим алып жаткан Самара университетинин тарыхы жана жетишкендиктери тууралуу кеңири баяндап берди.

 

Академик С. П. Королёв ат. Самара Улуттук изилдөө университети "Союз" космос кемесинин иштеп чыгуучулардын бири. Чурсин Е.С. университеттин курамындагы Авиациялык жана ракета-космос техникасынын институту, Учкучсуз учуучу аппараттар борбору жана Окуу аэродрому тууралуу презентация тартуулады.

 

Институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана Чурсин Е.С. усулдук материалдарды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү, студенттердин практикасын жана алмашуу программаларын уюштуруу, магистранттарды окутуу жана илимий изилдөө жүргүзүү маселелерин талкуулашты.

 

Ошону менен тараптар жакын арада жогорку окуу жайлар арасында кызматташтык тууралуу келишимге жетекчилер деңгээлинде кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишишти.

 

 

Шилтеме:

Самара Улуттук изилдөө университети - https://ssau.ru/