И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИ ардагери Р. Д. Даировго Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик сыйлыкты тапшырды
КАИ ардагери Р. Д. Даировго Кыргыз Республикасынын Президенти мамлекеттик сыйлыкты тапшырды
  • 22 Сен 2021
  • 5118
  • 0

2021-жылдын 22-сентябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун ардагери, окутуучу, редакция-басма бөлүмүнүн башкы адиси Рахимбек Даирович Даировго Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров аземде мамлекеттин эгемендүүлүгүнүн 30-жылдыгына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы "Даңк" медалын тапшырды.

 

Президент дарыгер, мугалим, машыктыруучу, укук коргоочу жана башка ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий дараметин өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, көп жылдык жемиштүү эмгеги, ошондой эле Конституцияны иштеп чыгууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип «Мамлекеттик сыйлыктар сиздерге дем жана кийинки муун өкүлдөрүнө Мекенге ак кызмат кылуунун мыкты өрнөгү болсун!» - деп айтты.

 

2021-жылдын 31-августунда Президент "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо" Жарлыгына кол койгон.

 

 

Тема боюнча:

Ветеран КАИ Рахимбек Даиров награждён медалью «Даңк» - http://kai.kg/ru/post/489