И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Дарыгер COVID-19-дан коргоо ыкмалары тууралуу лекция окуду
Дарыгер COVID-19-дан коргоо ыкмалары тууралуу лекция окуду
  • 17 Сен 2021
  • 5682
  • 0

2021-жылдын 17-сентябрында Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана окутуучуларына темир жолчулар поликлини касынын дарыгер-терапевти, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси Жибек Минбаевна Байтикова "Окуу жараянында COVID-19 -дан коргоо ыкмалары" темасында лекция окуду

 

Дарыгер Байтикова Ж. М., эң алгач студенттер маска тагынып жүргөнүнө көнүл бурду.

 

Лекциянын кириш сөзүн 2019-жылдан баштап 2020-жылы дүйнө жүзүндө коронавирус дартына чалдыккандардын жана көз жумгандардын саны кескин өсүүсүнө байланыштуу пандемия деп жарыяланганы тууралуу баштады. Жибек Минбаевна COVID-19 жыйылуусунун алдын алуу үчүн республиканын калкына эмдөө жасалып жатканын айтып берди.

 

Белгилей кетсек, институттун бөлүмдөрүнүн жетекчилери иш жамаатка үлгү көрсөтүү максатында  биринчилерден болуп COVID-19 -га каршы эмзат алышкан. Окуу жайдын медициналык кызматкери эмдөө темир жолчулар поликлиникасында жана башка эмдөөчү түйүндөрүндө жүргүзүлүп жатканын дайыма эскертип турат. 

 

Өкмөт эл аралык уюмдар менен жигердүү өз ара аракеттешүүнүн натыйжасында эмзаттардын ар кандай түрлөрүн гуманитардык негизде жана акча төлөп да өлкөгө алып келген. Республикабыздын жарандары COVID-19 -га карша эмдөөнү акысыз негизде ала алышат.