И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Жаңы окуу жылдын биринчи күнү
Жаңы окуу жылдын биринчи күнү
  • 15 Сен 2021
  • 4851
  • 0

И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунда жаңы окуу жылдын биринчи күнү салтанаттуу чогулуштан башталды.

 

Институттун директору Курманов Улан Эсембекович студенттерди куттуктоо сөзүндө:: «Жамаатыбыздын атынан сиздерди Билим күнү менен куттуктайм! Биздин кесипкөй жамаатыбыз, сиздер анык билим алууга бардык күчүбуздү жумшайбыз. Сиздер келечектеги коомдун толук жарамдуу мүчөсү болуп, авиациялык жамаатына толук кандуу жуурулушууга бардык аракетибизди жасайбыз», - деп айтты.

 

Институттун ардагери, окутуучу Рахимбек Даирович Даиров биринчи курстун студенттерине: "Биринчи күндөн баштап окууга киришиңиз, окуу тартибине көнүл буруңуз! Убакыт тез эле учуп кетет".

 

Жарандык авиациянын ардагери, институттун музейинин башчысы Тлеухор Изембековна Бошумова: «Асманыңыз ар дайым ачык болсун! Эмне гана болбосун кесибиңизди жакшы көрүңүз! Жол болсун, жаш авиаторлор! Чоң үмүттөр сиздерге, азыр Кыргызстанда авиация өнүгүп жатат", - деп каалоо-тилектерин айтты.

 

Майрамдык маанай тартуулоо үчүн жогорку курстун студенттери ырдап беришти.

 

Аземден соң биринчи курстагы студенттерге чоң жыйындар залында институттагы иш тартип тууралуу маалымат берилди. Куратор агай- эжейлер студенттерге  окуу корпустардын, китепкана, административдик бөлүмдөрдүн жайгашуусун көрсөтүп, дарсканаларда алгачкы сабак башташты. Мисалы, атайын дисциплиналардын окутуучусу Замира Маданбековна Нуркулова куратордук саатанды Кыргызстандын жарандык авиациянын тарыхы, Кыргыз авиациялык институтунун тарыхы, биринчи кыргыз учкуч Ишембай Абдраимовдун өмүр баяны, институттун өзгөчөлүктөрү, иш тартиби жана студенттердин форма кийими тууралуу айтып берди.

 

Директор Курманов У. Э. жана окуу иштери боюнча директордун орун басары Садовская О. А. аралыктан окутуу режими учурунда институттагы өзгөрүүлөр жана окуу жараяны кандай уюштурула турганы тууралуу айтып берүү үчүн сабактарга кирип, студенттердин маселелерин талкуулашты.

 

Биринчи курстагы студенттердин ата-энелери институтта биринчи күн эмнеден башталып жатканын жана окуу имараттары менен дарсканаларды да көрүп чыгышты.