И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институттун кызматкери ICAO-нун авиациялык коопсуздук боюнча глобалдык симпозиумуна катышты
Институттун кызматкери ICAO-нун авиациялык коопсуздук боюнча глобалдык симпозиумуна катышты
  • 09 Сен 2021
  • 3587
  • 0

 

"Авиациялык коопсуздук маданияты жылы"-на багытталган иш-чаралардын планын аткаруу максатында И. Абдраимов ат. Кыргыз авиациялык институтунун атынан Авиациялык коопсуздук лабораториясынын жетекчиси Алтынбек Куланбекович Белгибаев Жарандык авиациянын эл аралык уюму 2021-жылдын 8-10 сентябрында өткөргөн Авиациялык коопсуздук боюнча глобалдык симпозиумуна катышты (AVSEC 2021)

 

Глобалдык симпозиумга кесиптешибиздин катышуусунун натыйжасында  Кыргыз авиациялык институтунда адистерди коопсуздук маданиятына окутууну өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасында авиациялык коопсуздуктун деңгээлин жогорулатууга салымы болот.

 

Алтынбек Куланбекович Жарандык авиациянын эл аралык уюмунун (ICAO) симпозиумунда биринчи күнү тартууланган докладдар тууралуу мындай баяндап берди: «Port of Seattle (АКШ) авиациялык коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдарга даярдык боюнча мүдүрү Венди Рейтердин айтымында, авиациялык коопсуздук боюнча ишмердүүлүк толук бойдон санариптештирилди, бул аралыкты сактоо үчүн жасалып жатат. Мельбурн (Австралия) аэропортунун авиациялык операциялар жана коопсуздук боюнча бөлүмдүн жетекчиси Скотт Даллард smart security (акылдуу коопсуздук) тууралуу кеп салды. AENA (Испания) компаниясынын текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси Альфонсо Хорна Гомез Малага, Мадрид жана Аликанте аэропортторунда коюлган биометрия, термографиялык камера, дезинфекциялык шаймандар, Мадрид, Севилья жана Ибица аэропортторунда аралыктан скрининг (текшерүү) тууралуу презентация даярдаган".

 

Белгибаев А. К., Австралия, Испания, АКШ эксперттеринин докладдарын талдап жатып, COVID-19 пандемия шарттарында авиациялык коопсуздукту практикалык түрдө жүзөгө ашыруу аракеттерине, ошону менен бирге  аралыктан кароо же авиажүргүнчүлөрдүн ден соолук абалын аныктоого колдонулган жаңычылдык технологияларга өзгөчө көңүл бурду. Бул маселе теоретикалык деңгээлде 2021-жылдын май айында Кыргыз авиациялык институтунда өткөрүлгөн студенттик конференциядагы жасалган илимий докладда баяндалган. Бул жагдай окуу жайыбызда адистерди даярдоо авиациялык коопсуздукту камсыздоонун глобалдык тенденциялары менен айкалышып турганын айгинелейт.

 

  

 

 

Шилтеме:

На студенческой конференции обсудили вопросы обеспечения авиационной безопасности - http://kai.kg/ru/post/366