И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

23-апрель - Китептер жана автордук укуктун Бүткүл дүйнөлүк күнү
23-апрель - Китептер жана автордук укуктун Бүткүл дүйнөлүк күнү
  • 23 Апр 2021
  • 5743
  • 0
И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун китепканансынын башчысы Талгат Байдөөлөтович Байдылдаев:
 
«Китепкананын фондунда азыркы учурда 39798 экземпляр китеп бар. Анын ичинен 26623 – бул окуу китептери, 6253 - көркөм чыгармалар жана башка адабият - 6922 экземпляр. AVN системасындагы электрондук китепканада - 2300 экземплярдан ашык китеп бар, атайын дисциплиналар боюнча - 70-75%, калганы – гуманитардык сабак, тил үйрөнүү китептери.
Техникалык училище болуп түптөлгөнүнө байланыштуу бул жерде көбүнчө техник, механик, электрик жана прибористтерге китептер бар. Менеджмент кийин ачылгандыктан ал тармак боюнча китептер аз.
 
Окурмандардын эң көп келген мезгили – бул сентябрь-октябрда биринчи курстун студенттери китеп алганда жана апрель-майда китептерди тапшыруу жана экзаменге даярдануу учуру болот. Быйыл карантинге байлыныштуу окурмандар азыраак, мурун орто эсеп менен 10-15 студент келип турчу.
Биринчи курстун жана бүтүрүүчү курстардын студенттери көп келишет. Айрыкча, бүтүрүүчү курстун студенттери экзаменге жакын көп келишет.
 
Электрондук китеп жок болгон учурда басмадан чыгарылган вариант алуу мүмкүнчүлүгү бар. Көбүнчө китептер сканерден өткөрүлүп, электрондук варианты коюлган, ошону үчүн көп студенттер электрондук китеп окушат.
Негизинен, атайын адабиятты көбүрөөк алышат. Көркөм чыгармалардан Ч. Айтматов, Ф. Достоевский, М. Лермонтов жана орус классикалык адабиятын көп сурашат.
Соңку жолу жаңы жылдын алдында Билим берүү жана илим министрлигинен кыргыз тилинде 300 китеп келди.
 
Институттун директору Ульяновскке барганда, түзүп келген Келишим боюнча жарандык авиациянын Ульяновск институтунун электрондук китепканасына кирүүгө мүмкүнчүлүк ачылды. Алардын электрондук китепканасында 4 миңдей китеп бар. Ал жакка биз кирүүгө мүмкүнчүлүк алдык.
Азыркы учурда жарандык авиациянын Москва мамлекеттик техникалык университети менен сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Булуниверситеттин да электрондук китепканасына кирүү мүмкүнчүлүгүн алуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, жарандык авиациянын Киев Улуттук университети менен да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Жаңы окуу жылынан баштап китепканада «Ирбис» системасын киргизүүнүн үстүндө иштеп жатабыз».