И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата: «Улут болсом- тилим менен улутмун» аталыштагы конференция болуп өттү
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата: «Улут болсом- тилим менен улутмун» аталыштагы конференция болуп өттү
  • 02 Окт 2024
  • 244
  • 0

2024-жылдын 1-октябрында И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда «Улут болсом- тилим менен улутмун» аталыштагы студенттик-илимий практикалык конференция болуп өттү.

 

Аталган конференция Кара-Кыргыз Автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл жана кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына арналды.

 

Конференцияны окуу жайдын директору Курманов Улан Эсембекович ачып, азыркы күндө кыргыз тилдин мамлекеттик деңгээлде маанилүүлүгү жана актуалдуулугун белгилди.

 

Иш чаранын коноктору акын жана котормочу - Алтынбек Исмаилов, жазуучулар союзунун мүчөсү, акын жана драматург Кыял Тажиева жана Жарандык авиациянын ардагери Тлеухор Бошумова өз сөзүндө мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы жана келечеги тууралуу сөз кылышты.
 

Конференциянын жүрүшүндө студенттер тилди өнүктүрүү, байытуу тууралуу докладдарды жасашып, кыргыз тилиндеги жаслма интеллект “Акылай” платформасын жетишкендиктерин баяндап жана тил жөнүндө ырларды көркөм окушту.

 

Конференция сертификат тапшыруу аземи менен жыйынтыкталды.