И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Мамлекеттик тил күнү!
Мамлекеттик тил күнү!
  • 23 Сен 2024
  • 100
  • 0

2024-жылдын 23-сентябрында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Мамлекеттик тил күнүнө жана кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алгандыгынын 35 жылдыгына карата арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
Майрамдын урматына Жарандык авиация  факультетинин студенттери жана Табигый илимдер кафедрасынын мугалимдери концеттик иш-чара уюштурушту.
 Программада студенттер кыргыз акын-жазуучуларынын чыгармаларынан көркөм окуп, улуттук аспаптарда обондорду жаңыртып, улуттук ыр,  бий тартуулап, Манас эпосунан үзүндүлөрдү айтып беришти.
Иш-чаранын катышуучулары жана коноктору студенттердин көркөм өнөрүнө күбө  болушуп, жогорку баа беришти.