И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда командалык-штабдык машыгуулар өттү
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда командалык-штабдык машыгуулар өттү
  • 20 Сен 2024
  • 523
  • 0

2024-жылдын 18-сентябрынан 20-сентябрына чейин И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Бишкек шаарынын Өзгөчө кырдаалдар башкы башкармалыгы шаардык жарандык коргонуу кызматы менен биргеликте командалык-штабдык машыгууларды өткөрдү.

 Иш-чарага 16 жарандык коргонуу кызматы, анын ичинде медициналык  кызматы жана укук коргоо органдары катышты.

 Машыгууларга Бишкек шаарынын вице-мэри Р. Алиев, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын башчысы, подполковник Е.Жусупов жана Ленин районунун акими Ж.Шакиев катышты.

 Машыгуунун сценарийи боюнча саат 10:00дө жер титирөө болуп, КАИнин окуу корпусунан студенттер жана мугалимдер эвакуацияланып, үч студентти куткаруу операциясы координацияланып, ийгиликтүү өттү.

 Бул иш-чаранын максаты - өзгөчө кырдаалдарда, мисалы: жер титирөө, суу ташкындары, өрт жана башка учурларда Жарандык коргонуу күчтөрүн, өзгөчө кырдаалдар иш аракеттерин координациялап, бирдиктүү иш алып баруу.