И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Бириккен Араб Эмираттарынын GANS компаниясынын делегациясы Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн инновациялык кызматтары менен тааныштырды
Бириккен Араб Эмираттарынын GANS компаниясынын делегациясы Кыргызстандын жарандык авиациясы үчүн инновациялык кызматтары менен тааныштырды
  • 11 Сен 2024
  • 295
  • 0

Аэронавигациялык кызматтарды көрсөткөн Global Air Navigation Services (GANS) компаниясынын делегациясы Кыргызстанга келди. GANS буга чейин 20 өлкөдө тренинг өткөргөн жана 17 жылдан бери өз кызматтарын көрсөтүп келет. Компаниянын кызматтарынын спектри төмөнкүлөрдү камтыйт: аба кыймылын башкаруу, коопсуздукту жана сапатты башкаруу, метеорологиялык кызматтар, консалтинг жана башка көптөгөн кызматтар.

Кыргыз Республикасынын авиация тармагынын өкүлдөрү менен жолугушууда GANS аба кыймылын башкаруу, аба мейкиндигин долбоорлоо жана метеорологиялык кызмат көрсөтүүлөр тармагында өздөрүнүн инновациялык чечимдери менен тааныштырды.. Биздин аймактагы учуулардын коопсуздугун жана эффективдүүлүгүн жогорулатуу боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. GANS Кыргызстандын жарандык авиациясын алдыңкы технологияларды колдонуу менен өнүктүрүүнү колдоого даяр экенин билдирди.