И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда  Билим күнү!
Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Билим күнү!
  • 02 Сен 2024
  • 483
  • 0

2-сентябрда Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда жаңы окуу жылынын башталышына жана Билим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү.

 

Иш-чарага институттун ардагерлери, окутуучулары, студенттери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин жана авиакомпанияларынын өкүлдөрү катышты.

 

Ошондой эле коноктордун арасында КАИнин өнөктөшү болгон Өзбекстандан келген өкүлдөр да болду.

 

Белгилей кетсек, мындан туура 50 жыл мурда, 1974-жылы Фрунзедеги авиациялык техникумунда студенттер үчүн алгачкы окуу жылы башталып, курсанттар кабыл алынганды.  Бул юбилей институттун тарыхында маанилуу этаптын бири болуп саналат.

 

 

 

Бул өзгөчө күнү институттун жетекчилиги бардык студенттерди жана профессордук-окутуучулар курамын бул маанилүү окуя менен куттуктап, аларга ийгиликтүү жана жемиштүү окуу жылын каалайт!