И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Салижан Шакирович Шариповдун 60 жылдык мааракеси
Салижан Шакирович Шариповдун 60 жылдык мааракеси
  • 24 Авг 2024
  • 645
  • 0

2024-жылдын 24-августунда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кыргыз Республикасынын Баатыры, биринчи кыргыз космонавты, полковник Салижан Шариповдун 60 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Аталган иш-чарага көптөгөн саясий мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, илим академиктери, аскер ведомстволорунун жана жарандык авиациянын өкүлдөрү, ЖОЖдордун ректорлору жана Ленин райондук администрациясынын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Койчиев куттуктоо сөзүндө Салижан Шариповдун авиацияны өнүктүрүүгө жана авиаторлордун келечектеги жаш муунун тарбиялоого кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи.

Россия Федерациясынын Элчисинин кеңешчиси жана «Роскызматташтыктын” Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Зулхарнеев Альберттин айтымында, Салижан Шарипов өңдүү инсандар эки өлкөнүн достугун бекемдеп, жаш учкучтарга үлгү катары кызмат кылууда.
Иш-чаранын катышуучулары С. Шариповдун жаркын карьерасы, жетишкендиктери жана жеке сапаттары тууралуу эскерүүлөрү менен бөлүшүштү.
Майрамдык программа эстрада жылдыздары жана институттун студенттери катышкан концерттик программа менен жыйынтыкталды.