И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институтунун имараттары жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүүдө
Кыргыз авиациялык институтунун имараттары жаңы окуу жылына кызуу даярдык көрүүдө
  • 05 Авг 2024
  • 954
  • 0

Жаңы окуу жылына даярдык көрүү максатында И.И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда имараттарды жана аудиторияларды жаңылоо жана модернизациялоо боюнча бир катар оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Спорт комплексинде волейбол жана баскетбол аянтчаларынын жери капталып, ошондой эле футбол аянтчасынын торунун түбү жарым-жартылай алмаштырылууда.
Ал эми, башкы окуу корпусунун бешинчи кабатында 500 м2 аянтты капиталдык оңдоо иштери жүрүп, аяктап жатат. Аталган аянтта бардык терезелер жана эшиктер алмаштырылып, класстарга жаңы линолеум салынып, электр зымдары менен жарыктандыруу шаймандары жаңыртылды.
Ошондой эле, башкы имараттын тепкичтери оңдолуп, дубалдар шпаклевкаланып жана сырдалып бүткөрүлдү.
Студенттер үчүн жатакана да жаңы окуу жылына даяр, учурдагы косметикалык оңдоо иштери жүргүзүлдү - дубалдарды, шыптарды сырдоо ж.б.
Бул иш-чаралар студенттер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө жана окуу процессин жакшыртууга багытталган.