И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

КАИде Жарандык авиация үчүн кадрларды даярдоо боюнча семинар өттү
  • 20 Июн 2024
  • 961
  • 0

19-июнда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда "Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясындагы кадрдык потенциал: чакырыктар жана перспективалар" аталган темада семинар болуп өттү. Иш-чарага жарандык авиациясынын бардык тармактарынын жетекчилери жана адистери катышты. Семинарда авиация тармагындагы адам ресурстарын өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, анын ичинде ишке орноштуруунун, окутуунун жана адистерди даярдоонун актуалдуу маселелери талкууланды. Катышуучулар кадрларды даярдоо системасын өркүндөтүү боюнча пикирлери менен алмашып, билим берүүчү окуу жай менен авиация тармагынын ишканаларынын ортосундагы кызматташуунун бекемдигин талкуулашты. Тез өзгөрүп жаткан дүйнөлүк экономиканын жана технологиялык инновациялардын шартында, бул семинарды өткөрүү демилгеси Кыргызстандын жарандык авиациясынын кадрдык потенциалын чыңдоого болгон умтулуунун дагы бир көрсөткүчү болуп эсептелинет.