И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институт жана Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институту кызматташуу меморандумуна кол коюшту
Кыргыз авиациялык институт жана Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институту кызматташуу меморандумуна кол коюшту
  • 31 Май 2024
  • 763
  • 0

2024-жылдын 31-май күнү Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту жана Коргоо министрлигинин К.Үсөнбеков атындагы Куралдуу Күчтөрүнүн аскер институту кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.

 

Иш-чарага Коргоо министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз авиациялык институтунун жетекчиси Улан Курманов жана Аскер институтунун башчысы полковник Иман Мамбетсеитов катышып, билим берүү, илимий изилдөөлөр жана тарбия иштери боюнча кызматташуунун ар тараптуу багыттары талкууланды.

 

Иш-чара эки тараптын меморандумга кол коюсу менен аяктады. Эске салсак, буга чейин Коргоо министри генерал-лейтенант Бактыбек Бекболотов аталган Кыргыз авиациялык институтуна иш-сапары менен барып, институттун билим берүү процесси менен таанышкан. Эки окуу жайдын ортосундагы кызматташтык болочок офицерлерди даярдоонун сапатын жогорулатууга жана Кыргыз Республикасында авиация тармагын андан ары өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.