И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Талас шаарында жаңы аба майданы ачылды
Талас шаарында жаңы аба майданы ачылды
  • 22 Май 2024
  • 708
  • 0
Талас шаарында салтанаттуу түрдө жаңы модернизацияланган аэропорт ачылды. Иш чарага И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун жетекчилиги жана жарандык авиациянын ардагери Тлеухор Бошумова, ошондой эле жарандык авиациянын башка көптөгөн ардагерлери катышты.
 
Аэропортту реконструкциялоо долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин   жана  «Манас» эл аралык аэропортунун биргелешкен иш аракетинин натыйжасында  ийгиликтүү ишке ашты.
 
Бир жылдын ичинде аэродромду калыбына келтирип, анын эл аралык стандарттарга жооп беришин камсыз кылууга мүмкүн болду. Жаңы аба майданы саатына 100 кишини тейлеп, модернизацияланган учуу тилкеси баардык стандарттарга жооп берет.
 

Саатына 100 адамды тейлей ала турган аэровокзал жана модернизацияланган учуу-конуу тилкеси, жаңыланган аэропорт комплексинин негизги элементтери түздү.