И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

«Биримдик жана Ден соолук» спартакиадасы авиакомпаниялардын кызматкерлеринин башын бириктирди
«Биримдик жана Ден соолук» спартакиадасы авиакомпаниялардын кызматкерлеринин башын бириктирди
  • 20 Май 2024
  • 782
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун студенттери жана окутуучулары «Биримдик жана ден соолук» спартакиадасына активдүү катышты.

 

Спартакиада Кыргызстандын авиация кызматкерлеринин Профсоюзунун жаштар кенеши тарабынан уюштурулду. Спорттук мелдештердин  жана чуркоо марафонунун жыйынтыгы боюнча:

1-орунду «ГП Кыргызаэронавигация» командасы,

2-орунду  «ГП Кыргызаэронавигация Иссык-Кол» командасы,

3-орунду Эл аралык аэропорт «Манас» командасы ээледи

4-орунду 3 команда: Кыргыз авияциялык институттун «Mars KAI»  жана «Flight Crew», ошондой эле «Ысык-Көл» аэропортунун  командалары бөлүшүп алышты.

 

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга дипломдор, медалдар жана төш белгилер тапшырылды. Бул иш-чара спорттук жетишкендиктерге гана мүмкүнчүлүк түзбөстөн, катышуучулардын ортосунда жакындашуу жана тажрыйба алмашуу үчүн өбөлгө болду.