И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Ишембиликтер жана жашылдандыруу: Авиаинститутунун студенттеринин жана кызматкерлеринин шаарды көрктөндүрүүгө кошкон салымы
Ишембиликтер жана жашылдандыруу: Авиаинститутунун студенттеринин жана кызматкерлеринин шаарды көрктөндүрүүгө кошкон салымы
  • 20 Май 2024
  • 645
  • 0

Үстүбүздөгү жылдын 11-мартынан тарта шаарды жашылдандыруу, санитардык тазалоо жана көрктөндүрүү боюнча эки айлык кампаниясынын алкагында И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту жума сайын ишембиликтерди өткөрүп келет. Кызматкерлер жана студенттер Т. Фрунзе, Кузбасская, Черноморская, ошондой эле Т. Фрунзе  көчөсүнөн «Coca Colа» заводуна чейинки  участогундагы аймакты таштандылардан тазалап, жолдорду шыпырып, иретке келтиришти. Ошондой эле мөмө-жемиш жана мөмө эмес, ийне жалбырактуу дарактарды жана гүлдөрдү активдүү отургузуу иштери жүргүзүлдү.

 

Кыргыз авиациялык институтунун администрациясы кызматкерлерге, профессордук-окутуучулар курамына жана студенттерге экологияны жакшыртууга активдүү катышкандыгы жана олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирет.