И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Авиаинституттун студенти спорттук самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду
Авиаинституттун студенти спорттук самбо боюнча Азия жана Океания чемпионатында алтын медалга ээ болду
  • 17 Май 2024
  • 580
  • 0

И. Абдраимова атындагы Кыргыз авиациялык  институтунун студенти Эрбол Авалбеков Казакстан Республикасынын Актау шаарында өткөн спорттук самбо боюнча чемпионатта  Азия жана Океания чемпиондугун жеңип алды.

 

Э. Авалбеков 79 килограммга чейинки салмакта эки беттешүүдө 10:2 жана 10:0 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетип, биздин команданын эсебин ачты.

 

Кыргызстандын спортчулары мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, 9 алтын, 7 күмүш жана 22 коло медалга ээ болушту. Самбо федерациясы, бул биздин команданын тарыхындагы эң мыкты жыйынтык экендигин баса белгиледи.

 

Эрболду бул улуу жеңиши менен куттуктайбыз! Сиздин ийгилигиңиз — биздин сыймыгыбыз!