И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Жеңишке 79 жыл: институт Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элесине таазим кылды
Жеңишке 79 жыл: институт Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элесине таазим кылды
  • 08 Май 2024
  • 544
  • 0

8-майда И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Жеңиш майрамына карата Улуу Ата Мекендик согуштун баатырларынын жаркын элесине таазим кылышты. Институттун коллективи жана жетекчилиги Советтер Союзунун Баатыры Тимур Фрунзенин жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары Ишембай Абдраимовдун, Иван Назаровдун, Абдували Курбаналиевдин эстелигине гул чамбар коюшту. Студенттер майрамга карата  ыр, бий жана Жеңишке карата чакан постановка менен салтанаттуу программаны тартуулашты.