И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Заман менен муундардын байланышы: ФАТУГАнын ардагери Кыргыз авиациялык институтунда болду
Заман менен муундардын байланышы: ФАТУГАнын ардагери Кыргыз авиациялык институтунда болду
  • 08 Май 2024
  • 433
  • 0

7-май 2024-ж. И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна Жарандык авиациянын Фрунзе авиациялык техникалык училищесинин  ардагери жана алгачкы мугалимдеринин бири Юсуп Абильдаев келип, окуу жайдын тарыхындагы баракчаларын эстеп, кызыктуу маек курду.

 

Окуу жай  түзүлгөн алгачкы жылдары  Юсуп Абильдаев социалдык-экономикалык дисциплиналарды өнүктүрүүгө жана студенттердин билим базасын чыңдоого эбегейсиз салым кошкон. Анын чет элдик студенттерди көзөмөлдөөдөгү ролу өлкөлөр ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын символу болуп, биздин институт үчүн маанилүү,анткени мезгил менен муундардын байланышы ушул күнгө чейин сакталып келет.

 

Ардагер менен жолугушуу окуу жайдын өнүгүшүнүн алгачкы этаптары менен таанышууга мүмкүнчүлүк берип, институттун тарыхы анын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон кайталангыс инсандарга бай экендигин көрсөттү.