Студенттер кеңешинин мүчөлөрү Сузактагы жабыркаган балдардан кабар алды
- 07 Май 2024
- 2507
- 0
7 майда Кыргыз авиациялык институтунун Студенттер кеңешинин мүчөлөрү Сузактагы кайгылуу окуяда жабыркаган окуучуларга жолугуп келишти. Азыркы учурда балдар Бишкектеги №3 Балдар клиникалык ооруканасында даарыланып жатышат.
Студенттер бейтаптардын ата-энелери менен жолугуп, чакан белектерин тапшырышып, балдардын тезирээк сакайып кетишине тилектеш экендиктерин билдиришти.
Институттун туруктуу өнөктөшү - «Аэростан» авиакомпаниясына колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.