И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Илимий чөйрөдөгү айымдар:  КАИнин мугалими окумуштуу айымдар форумунда спикер катары сүйлөдү
Илимий чөйрөдөгү айымдар: КАИнин мугалими окумуштуу айымдар форумунда спикер катары сүйлөдү
  • 30 Апр 2024
  • 2309
  • 0

Кыргыз авиациялык институтунун окутуучусу Марина Душенова Г.В.Плеханов атындагы Россиялык  экономикалык университети тарабынан уюштурулган окумуштуу айымдардын форумуна жана «Kolba» сыйлыгын салтанаттуу тапшыруу аземине спикер жана ардактуу конок катары катышты.

 Форумдун алкагында "Россиялык окумуштуунун заманбап образы" деп  аталган отурум жана бизнес, илим жана инновацияны камтыган ар түрдүү секциялар өткөрүлдү. Форумдун негизги максаты-окумуштуу аялдардын өз ара карым-катнашуусу жана таанышуусу үчүн атайын аянтчаны түзүү , ошондой эле тажрыйба жана билим алмашуу болду.

 

Эске сала кетсек, 2023-жылы Марина Душенова «Kolba» сыйлыгынын лауреаты болгон. Бул жогорку сыйлык ага илим жана билим берүү тармагындагы жетишкендиктери үчүн ыйгарылган.