И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Ю.А.Гагариндин 90 жылдыгына арналган илимий конференцияга катышты
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту Ю.А.Гагариндин 90 жылдыгына арналган илимий конференцияга катышты
  • 30 Апр 2024
  • 759
  • 0

Кыргыз авиациялык институтунун табият таануу кафедрасынын профессору жана социология илимдеринин доктору Салморбекова Рита «Н. Э. Жуковскийдин элесине арналган Авиация боюнча XXI илимий окуулар» аталышындагы илимий-техникалык конференцияга катышып, «Азыркы коомдогу авиация тармагын өнуктуруунун социологиялык аспектилери» темасында доклад жасады.

Ю.А.Гагариндин 90 жылдыгына арналган конференция Москвадагы жарандык авиациянын мамлекеттик техникалык университетинде өткөрүлүп, авиация тармагындагы алдыңкы окумуштууларды жана адистерди чогулткан. Конференциянын катышуучулары авиация тармагын өнуктуруунун жана аны тынымсыз өркундөтуунун актуалдуулугун баса белгилешти.