Кыргыз авиациялык институту «Билим – Стандарт» агенттигинин көз карандысыз аккредитациясынан ийгиликтүү өттү
- 26 Апр 2024
- 1040
- 0
И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту 5 жылдык мөөнөткө орто кесиптик билим берүүнүн окуу программалары жана магистратура боюнча «Билим – Стандарт» көз карандысыз аккредитациялык агенттигинин тышкы экспертизасынан ийгиликтүү өттү. Аккредитациялоо процедурасынан өтүү – үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоо жана өркүндөтүү аркылуу билим берүү программаларын иштеп чыгуу үчүн дем берүүчү фактор болуп саналат.
Маалымат үчүн: Аккредитация билим берүү программаларынын сапатына баа берүүнүн жол-жобосу болуп саналат, алардын талаптардан, мамлекеттик стандарттардан жана аккредитацияланган жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына коюлган минималдуу талаптардан төмөн эмес белгиленген талаптарга жана критерийлерге шайкештигин таануу.