И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институтунда
Кыргыз авиациялык институтунда "Жаз, өмүр жана сүйүү" аттуу адабий кече болуп өттү
  • 26 Апр 2024
  • 452
  • 0

25-апрелде И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында "Жаз, өмүр жана сүйүү" аттуу адабий кече болуп өттү.

Кеченин өзгөчө ардактуу коноктору филология илимдеринин кандидаты, доцент, журналист, жазуучу жана публицист – Ризван Исмаилова, ошондой эле жазуучулар жана акындар - Максуда Ормонова , Нуриза Өмүрбаева өз чыгармаларын тартуулап, ырларын студенттерге окуп беришти.

Адабий кече жандуу маанайда өтүп, студенттер, институттун мугалимдери да  өздөрүнө жаккан ыр саптарын окуп беришти. Мындай иш-чаралар кыргыз тилин жана маданиятын өнүктүрүүнүн маанилүү факторуна айланып, жаш муундардын руханий жактан өсүшүнө салым кошот.