И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кара-Кыргыз автономиялык облусуна 100 жыл:  «И.Айдарбеков – алгачкы жетекчи
Кара-Кыргыз автономиялык облусуна 100 жыл: «И.Айдарбеков – алгачкы жетекчи" студенттик конференция
  • 25 Апр 2024
  • 703
  • 0

Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Кыргыз авиациялык институтунда "Иманалы Айдарбеков – алгачкы жетекчи" деген темада студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Иш-чарага  институттун студенттери жана окутуучулары катышты.

Конференциянын катышуучулары Иманалы Айдарбековдун инсан катары  өлкөнүн тарыхындагы  маанилүү ордун, анын Кара-Кыргыз автономиялык облусун  калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү ролун талкуулашты. Студенттер Иманалы Айдарбековдун өмүрү жана ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын билим берүүсүн, маданиятын жана саясатын өнүктүрүүгө кошкон салымы тууралуу баяндамаларды  жасашты.