И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Институтта окуу топторунун  кураторлорунун жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча инспекторлордун жолугушуусу болуп өттү
Институтта окуу топторунун кураторлорунун жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иштери боюнча инспекторлордун жолугушуусу болуп өттү
  • 25 Апр 2024
  • 525
  • 0

23-апрелде И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда  окуу топторунун кураторлору менен Ленин районунун жашы жете элек өспүрүмдөрдүн  иштери боюнча инспекторлорунун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу учурунда инспекторлор шаардагы мыйзам бузуулар боюнча статистикалык маалыматтарды берип, кураторлор жана ата-энелер тарабынан профилактикалык иштерди күчөтүүнү сунушташты.

Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын  тергөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары Орозалиев Р.Т. социалдык тармактар аркылуу кылмыштуулуктун көбөйгөнүн, тактап айтканда өспүрүмдөр арасында көбөйгөндүгүн билдирди. Бул жолугушуу кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштердин натыйжалуулугун жогорулатуу жана институттун студенттери үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында уюштурулган.