И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Абитуриент 2024: Аймактарда кесипке багыт берүү иштери активдүү жүрүп жатат
Абитуриент 2024: Аймактарда кесипке багыт берүү иштери активдүү жүрүп жатат
  • 23 Апр 2024
  • 427
  • 0

И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун окутуучулары өлкөнүн аймактарында кесипке багыт берүү иштерин активдүү жүргүзүүдө. Адистер Баткен, Ош, Талас жана Жалал-Абад облустарында болушуп, жогорку класстын окуучулары үчүн презентацияларды көрсөтүшүп, баарлашууларды уюштурушту. Учурда Чүй жана Ысык-Көл облустарында  кесипке багыт  берүү  иштери жүрүп жатат.

 

Иш-чаранын максаты - жаштарды авиация тармагындагы билимге жана карьерага тартуу, ошондой эле мектеп окуучулары арасында техникалык кесиптерди жайылтуу. Институттун кызматкерлери иш-чаранын катышуучулары менен институтта окуу мүмкүнчүлүктөрү, ишке орношуу келечеги жана авиация тармагында карьералык өсүү тууралуу маалымат менен бөлүшүшөт. Мындай иш-чаралар авиацияда жана жаштар арасында адистиктерге болгон кызыгууну арттырып, ЖОЖго тапшырууда туура тандоо жасоого жардам берет.