И. Абдраимов атындагы

Кыргыз авиациалык институту

Кыргыз авиациялык институтунун студенти шахмат боюнча Япониянын чемпионатында жеңишке жетишти
Кыргыз авиациялык институтунун студенти шахмат боюнча Япониянын чемпионатында жеңишке жетишти
  • 22 Апр 2024
  • 413
  • 0

Ишембай Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун 1-курсунун студенти  Керимкулов Өмүрбек шахмат боюнча Япониядагы кадеттер арасындагы «Кашивара Мастерс» чемпионатында 1- орунду ээледи.

Япониянын шахмат федерациясынын турнири 2024-жылдын 13 жана 14-апрелинде Осака шаарында өттү. Оюндун форматы швейцариялык система боюнча 5 турдан турган.

 Өмүрбек беш раундда атаандаштарын утуп, турнирдин жеңүүчүсү болду.

«Мен жалгыз чет элдик катышуучу болгондуктан жеңишке үмүттөнгөн эмесмин, анткени япондор өздөрү абдан билимдүү адамдар. Бул жеңиш мен үчүн чоң мааниге ээ. Мен абдан кубанычтамын» – деп белгиледи Өмүрбек.